ИЧКЕН АШЫН ЖЕРГЕ КОЮУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Абдан кадырлоо, сыйлоо, жакшы көрүү. Сагынбек десе балдар ичкен ашын жерге коет (Жантөшев). Абыкем сизди эстегенде, ар качандан бир качан ичкен ашын жерге койгон пенделерден болуп бара жатат («Чалкан»). Садыр – тууган дегенде ичкен ашын жерге кое койгон адам (Бердикеев). 2. Абдан самоо, эңсөө, аябай берилүү, көргүсү эле келип туруу. Алыста жүрсө да, түн ичинде болсо да сени дегенде ичкен ашын жерге койчу экен («Ала-Тоо»). В.: Ичкен ашын жерге таштоо. Футбол дегенде жаштар ичкен ашын жерге ташташат («Советтик Кырвызстан»). Ичкен аягын жерге коюу. Бекен болсо китеп дегенде ичкен аягын жерге коет (Каимов).